Загрузка документа…
КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2007-жылдын 29--ноябры № 521
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы Жарлыгына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу
Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамына ылайык, ошондой эле мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кызмат орундары боюнча бирдиктүү квалификациялык талаптарды камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы № 385 Жарлыгы менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестри" № 2 тиркемесинин 3-главасына төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жана анын аймактык инспекциялары" бөлүмүнүн "Башкы кызмат орду" категориясына:
"Ж1" тобундагы "Башкарманын начальнигинин орунбасары - бөлүм башчы" деген сап "Башкарманын" деген сөздөн мурда "Башкы" деген сөз менен толукталсын;
"Ж2" тобу "Аймактык бөлүмдүн бөлүм башчысы" деген саптан кийин төмөнкү мазмундагы жаңы сап менен толукталсын: "Бөлүм башчынын орунбасары";
"Ж2" тобундагы "Басмасөз-катчы" деген сан алынып салынсын;
"Ж3" тобундагы "Сектор башчысы" деген сап алынып салынсын;
- "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жана анын аймактык инспекциялары" бөлүмүнүн "Улук кызмат орду" категориясынын "У1" тобу төмөнкү редакцияда берилсин:
"Адис-аймактык бөлүмчөнүн эксперти
Басмасөз-катчы
Башкы адис
Жетектөөчү адис",
- "Улук кызмат орду" категориясынын "У2" тобу алынып салынсын.
2. Бул Жарлык 2007-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | К.Бакиев |