Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН Айылдык КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-январы № 144-27
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата бюджетин жана 2021-2022-жылдарга карата бюджетинин орто мөөнөттүү божомолун бекитүү жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата бюджетинин долбоорун жана 2021-2022-жылдарга карата бюджетинин орто мөөнөттүү планынын долбоорун угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин, Кыргыз Республикасынын 2016- жылдын 16-майындагы № 60 “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомунун негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата бюджета киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча 92943,5 миң сом өлчөмүндө (атайын каражаттарды эске алуу менен) бекитилсин:
№1,2 тиркемелерге ылайык
- бюджет боюнча 86443,5 мин сом;
- атайын эсеп боюнча 6500,0 миң сом;
2. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн 2021-2022-жылдарга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн план-божомолу №3,4 тиркемелерге ылайык бекитилсин.
3. Бюджет боюнча 2020-жылга карата 100,0 мин сом өлчөмүндө жүгүртмө кассалык нак акча каражаты бекитилсин.
4. 2020-жылы Аламүдүн айыл өкмөтүнүи бюджетинин чыгымдарын каржылоо иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде, мында биринчи кезектеги корголгоы беренелер (эмгек акы, социалдык фондго чегерүүлөр, тамак-аш, коммуналдык кызматтар) боюнча жүргүзүлорү белгиленсин.
5. Өндүрүштүк зарылдыкка байланыштуу, финансы бөлүмүнө бюджетти аткаруу процессинде бөлүнгөн акча каражатын чыгашалар беренелеринин ортосунда. ошондой эле негизги топтор, топчолор боюнча жалпы чыгашалардын чегинде чыгашалардын кор гол гоп беренелерин кемитпей туруп, кайра бөлүштүрүүнү жүргүзүү у кугу берилсин.
6. 2020-жылга карата Аламүдүн айыл өкмөтүнүн аппаратынын, ТКЧнын, китепканалардын, клубдун штаттык тизими №5,6,7,8 тиркемелерге ылайык бекитилсин.
7. Жергиликтүү бюджетти н каражаты на н муниципалдык бала бакчалардын тарбиялануучуларынын тамактануусуна ар бир баланын келген күнүнө 18 сом өлчөмүндө бекитилсин.
8. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн резеврдик фонду 2020-жылга карата жалпы чыгымдардан 1% өлчөмүндө 864,4мин сом көломүндө бекитилсин.
9. Материалдык жактам колдоо максатында озүнүн милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаргандыгы үчүн 2020-жылдын бюджетинин “Мамлекеттик кызматтар" болүгү боюнча 1349.2 мин сом акчалай сыйлык жана материалдык жардам төлөө түрүндо муниципалдык кызматкерлерди сыйлоо үчүн беш айлык кызмат орундук маянага чейин каралсын.
10. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо бюджет жана финансы боюнча туруктуу депутаттык комиссияга жүктөлсүн.
Председатель: | А. Филимоненко |