Загрузка документа…
КУНТУУ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Күнтуу айылдык Кенешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2020-жылдын 20-майы № 5/3
Күнтуу айыл аймагына ААК “Айыл банк” тарабынан коюлуучу банкоматтын коюлушу боюнча келишим түзүү жөнүндө
Күнтуу айылдык Кеңешинин депутаттары кезексиз V сессиясында талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл өкмөтүнүн имаратына ААК “Айыл банк» менен келишим түзүп, банкомат коюлсун;
2. ААК «Айыл банк» тарабынан сунуштардын баары кабыл алынсын;
3. Айыл өкмөтү тарабынан банкоматтын сакталышы тыкыр көзөмөлгө алынсын;
4. Бул иш-чарага атайын акча каражаты каралып бөлүнсүн;
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сейдалиеевге жүктөлсүн;
6. Бул токтом WWW.Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Күнтуу айылдык Кеңештин төрагасы | У.Астаркулов |