Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XХI сессиясы
2020-жылдын 12-майы №1
Көчөлөргө ысым ыйгаруу жөнүндө
Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовду, Бешик-Жон айыл өкмөтүндөгү көчөлөрүнө ат коюуга жазылган арыздарды угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик Жон айыл аймагындагы Карача айылынын балдар бакчасынын жанындагы жаңы конушка Ата-Мекендик согуштун катышуучусу Тажимаматов Нутмаматтын ысымы берилсин.
2. Карача айылындагы 2 көчөгө Ооган согушунун катышуучулары, көзү өтүп кеткен Кыдыралиев Талант жана Муратбеков Абсаламдын ысымы ыйгарылсын.
3. Ата Мекендик согуштун катышуучусу Эшатов Казаттын ысымы Бешик-Жон айылындагы өзү жашап өткөн көчөгө ыйгарылсын.
4. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармасынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Бешик-Жон айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Бешик-Жон айылдык Кеңештин төрагасы: | А. Масабиров |