Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XХI сессиясы
2020-жылдын 12-майы №3
Суу эсептегич коюлбаган таза суу айдалануучулардын төлөмүн бекитүү жөнүндө
Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн СООВППнын башчысы О.Тургунбаевдин Бешик-Жон айыл өкмөтүндөгү суу пайдалануучулары жөнүндөгү сөзүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн айылдарында жашаган суу пайдалануучулары эски суу түтүктөрүн иштеткен, эсептегич коюлбаган ар бир кожолук айына 100(жүз)сомдон акча каражатын СООВППга төлөп берсин.
2. Жаңы конуштун жашоочулары ар ким өз алдынчалык менен суу түтүктөрүн киргизүүсүн жүргүзбөсүн. Суу тартуу жумуштары СООВПП менен келишим түзүп, келишимдин негизинде жүргүзүлсүн.
3. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармасынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Айылдык Кенештин “Мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана этика боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бешик-Жон айылдык Кеңештин төрагасы: | А. Масабиров |