Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XХI сессиясы
2020-жылдын 12-майы №4
Ар түрдүү маселелер жөнүндө
Бешик-Жон айыл өкмөтүндөгү жайыт пайдалануучулардын ассоциациясынын башчысы М.Тургуновдун сөзүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл өкмөтүнө караштуу спец.техниканын кирешесинен түшкөн акча каражатынын 70,000(жетимиш миң) сом акча каражаты Кызыл-Үнкүр токой чарбасынын эски карызына төлөнсүн.
2. Алыскы жайлоо жолдорунун Отуз-Арт жайлоосуна баруучу жолдордун бузулган жерлерин, көпүрөлөрдү оңдоп түзөө, жумуштарына спец.техниканын кирешесинен түшкөн акча каражатынан 15,000(он беш миң) сом акча каражаты иштетилсин.
3. Айыл чарба шаймандарын алуу үчүн жайыт комитетинин бюджетинен 80,000(сексен миң) сом акча каражаты Арис программасынын долбоору менен иштешүүгө өздүк салым үчүн жумшалсын.
4. Карача айылынын тургуну Сатарова Гүлнаранын арызы боюнча Тамды-Колот участкасынан айыл чарбасына жараксыз жерден 1га жер аянты өздөштүрүүгө уруксат берилсин.
5. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармасынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
6. Токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Айылдык Кенештин “Мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана этика боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бешик-Жон айылдык Кеңештин төрагасы: | А. Масабиров |