Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XХI сессиясы
2020-жылдын 12-майы №5
Турак жайга чек берүү үчүн комиссияны бекитүү жөнүндө
Жон айылынын депутаты Тиллебаев Чынгыз Зулумбековичтин Бешик-Жон айыл өкмөтүндөгү турак жай салууга жер тилкесин суранган жарандар жөнүндө сөзүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл өкмөтүндө жер тилкесин сураган жарандардын арыздарын канаатандыруу үчүн атайын комиссия 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бешик-Жон айыл өкмөтүндө турак жайга жер тилкесин сурап кайрылган жарандардын тизмеси жалпы элдик жыйын уюштурулуп, комиссиянын кароосунан өтүп, көпчүлүктүн чечими менен такталып протоколдоштурулган жарандарга чек берилсин.
3. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармасынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
4. Токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Айылдык Кенештин “Мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана этика боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бешик-Жон айылдык Кеңештин төрагасы: | А. Масабиров |
Тиркеме №1
Жон айылынын жер бөлүштүрүү комиссиясы
№ | Ф.А. | Кызматы |
|
1 | Комиссия төрагасы: И.Орозматов | Жон айыл башчысы |
|
2 | Мүчөсү: Тиллебаев Ч | айылдык кеңеш депутат |
|
3 | Жолчиев А | айылдык кеңеш депутат |
|
4 | Каландаров Ч | айыл тургуну |
|
5 | Абдубалиев З | айыл тургуну |
|
6 | Базаркулов А | айыл тургуну |
|
7 | Байзакова А | айыл тургуну |
|
8 | Мамасыдыкова А | айыл тургуну |
|
9 | Чыйбылов К | айыл тургуну |
|