Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XХI сессиясы
2020-жылдын 12-майы №6
Бирдиктүү терезе уюштуруу үчүн Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө
Бешик-Жон айыл аймагындагы жашоочулардын суроо талаптарынын негизинде административдик муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү тейлөөгө шарт түзүү максатында түзүлгөн иш регламентин угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл өкмөтүндө Муниципалдык административдик кызмат көрсөтүүлөр боюнча “Бирдиктүү терезенин” иш регламенти №1тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бешик-Жон айыл өкмөтүнун “Бирдиктүү терезеге бекитилген адистери иш регламент эрежелери алкагында жарандарды күнүмдүк кабыл алуу менен камсыз кылышсын.
3. “Бирдиктүү терезе”ишин жүзөгө ашыруу үчүн айыл өкмөт тарабынан бекитилген адистердин ишин координациялоо жооптуу катчы У.Баймуратовага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармасынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
5. Токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Айылдык Кенештин “Мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана этика боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бешик-Жон айылдык Кеңештин төрагасы: | А. Масабиров |