Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XХII сессиясы
2020-жылдын 10-июну №1
Бешик-Жон айылдык кеңешинин жооптуу катчысына штаттык бирдик бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы №124”Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому жана 2020-жылдын 5-февралындагы №64”Айылдык кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомунун негизинде Айылдык Кеңешинин катчысынын штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын штаттык бирдиги бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин биргелешкен конкурстук комиссиясы №1 тиркемеге ылайык түзүлсүн.
3. Айлык акысынын мыйзам чегинде төлөп берүү жагы Ф.Э.Б башчысына жүктөлсүн.
4. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармасынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын козомолго алуу жагы айылдык Кенештин “Бюджет, өнөр жай,курулуш,муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектуу товарлар жана кызмат корсотуулор боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тиркеме №1 XXI сессиясынын №1 токтому
Бешик-Жон айылдык Кеңештин төрагасы: | А. Масабиров |
Айылдык кеңештин VII чакырылышы 2020-жылдын”10” 06 №____ | Бешик-Жон айыл өкмөтү 2020-жылдын “10” 06 №_____ |
БИРГЕЛЕШКЕН БУЙРУК
Айыл өкмөтүнүн айылдык кеңештин биргелешкен конкуртсук комиссиясынын түзүү жөнүндө
Кыргыз Респбликасынын “ Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 токтому менен бекитилген “ Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкурс өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүлүүнүн тартиби жөнүндө” Жобого ылайык , буйрук кылабыз,
1. Айылдык кеңешинин бош административдик муниципалдык кызмат ордун ээлөөгө конкурсту өткөрүү боюнча комиссиянын түзүмү төмөндкүдөй курамда бекитилсин:
Тиллебаев Ч.З. – айылдык кеңеш тарабынан аныкталган айылдык кеңештин депутаты конкурстук комиссиянын төрагасы;
Комиссиянын мучөлөрү:
- Кулиев Т. – мамлекеттик райондук администрациянын өкүлү;
- Сакабаев К. – профком;
- Абдыкадыров К. - ФЭБ башчысы
- М.Дыйканов - жер адиси.
- Сулайманкулов Ж. Аксакалдар соту.
- Арзиева Меңдайым аялдар кеңеши.
2. Бул буйруктун аткарышын контролдоо айыл өкмөттүн жооптуу катчысы У.Баймуратовага жүктөлсүн.
Негиз: Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана миниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 23-беренеси,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкурс өткөрүүнүн конкурс өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүлүүн тартиби жөнүндө” Жобонун 11-пункту.
Айылдык кеңештин VII чакырылышынын төрагасы. ____________________________ А.Масабиров (колу жана печать) | Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысы ______________________ А.Адишов (колу жана печать) |