Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XХI сессиясы
2020-жылдын 6-июну №2
Көчөлөргө ысым берүү жөнүндө
Бешик-Жон айыл өкмөтүнө түшкөн арыздарды угуп жана талкуулап, жаңы көчөлөргө ысым берүү жөнүндө .
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Карача айылынын тургундарынын арызы канаатындырылып, Карача айылынын жаңы көчөлөрүнөн бир көчөгө Акматалиева Марапаттын ысымы ыйгарылсын
2. Баймундуз айылынын тургундары М.Мамыровтун, Б.Ботобековдун, Р.Нуруевтин Бешик-Жон айылдарынын тургундары А.Төлөнбаевтин, Н.Курбановтун арыздары боюнча айыл окмөттүн орун басары Г.Муркамилова ошол суралып жаткан маселелерди көчөлөрдүн жашоочулары менен жолугушуп, элдик жыйындарды, элдик угууларды уюштуруп, протоколдоштуруп, эл макул болгон адамдага мыйзам чегинде аракет кылсын.
3. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармасынан каттоодон келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин “Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектуу товарлар жана кызмат корсотуулор боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бешик-Жон айылдык Кеңештин төрагасы: | А. Масабиров |