Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XХI сессиясы
2020-жылдын 6-июну №3
Баймундуз айылынын тургуну Каламбек уулу Жумабекке материалдык жарам берүү жөнүндө
Бешик-Жон айыл өкмөтүнө жазылган Баймундуз айылынын тургуну Каламбек уулу Жумабекке жардам көрсөтүүнү суранган Сатаров Бектурдан келген каттын негизинде материалдык жардам берүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баймундуз айылынын тургуну Жумабек уулу Каламбектин үй салуудагы уста акысына 20,000 (жыйрма миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын төлөп берүү жагы Ф.Э.Б башчысы К.Абдыкаровго жүктөлсүн.
3. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармасынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин “Бюджет, өнөр жай, курулуш,муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектуу товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бешик-Жон айылдык Кеңештин төрагасы: | А. Масабиров |