Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XХIII сессиясы
2020-жылдын 7-июлу №1
Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы каралган сметасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VII чакырылышын кезекcиз XXIII сессиясы, Швейцария өкмөтү тарабынан Швейцария өнүктүрүү жана кызматташтык боюнча агенттиги аркылуу каржыланып, Хелветас жана өнүктүрүү саясат институту тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрду жакшыртуу” долбоору тарабынан “Covid-19” пандемиясынын алкагында жабыр тарткан жарандарга жардам көрсөтүү максатында берилген турак жай субсидиясын жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүмдөрүнө киргизүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2020-жылга түзүлгөн сметасына атайын каражатынын киреше жана чыгаша бөлүмдөрүнө өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. “Хельветас” уюмунан жергиликтүү бюджетке келип түшкөн 150,000 сом акча каражаты 701-бөлүмдүн 2521 - статьясына коюлуп, гранттык келишимде көрсөтүлгөн талаптардын негизинде чыгымдоо жүргүзүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышы Ф.Э.Б башчысы К.Абдыкаровго жүктөлсүн.
4. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармасынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин “Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бешик-Жон айылдык Кеңештин төрагасы: | А. Масабиров |