Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-декабры №142/XX-27
Жер үлүшүн бир контурдан экинчи контурга которуу жөнүндө
Жер жана агрардык суроолор боюнча туруктуу комиссиянын 14.02.2020-жылдагы №1 токтомунда айтылгандай, системдүү каттоого ылайык, Албекенов Бообек Ибраимовичке таандык болгон аянты 1.39 га жер үлүшү (сугат жер) 1053 контурунда катталып, бирок факты жүзүндө ал жер үлүшү 117 контурда жайгашкандыгына байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 3,4-пункттарына ылайык, жогоруда аталган аянты 1.39 га болгон жер үлүшү (сугат жер) 1053 контурунан 117 контуруна которуу муктаждыгы бар экенин угуп жана талкуулап Кочкорбаев айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кенеш айылынын Турдубеков көчөсүнүн №27 үйүнүн тургуну Албекенов Бообек Ибраимовичке таандык болгон аянты 3.15 га жер үлүшү (сугат жер) 1053 контурунан 117 контуруна которулсун.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер жана агрардык суроолор боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | А.Албекенов |