Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 10-январы № 1
Жаргылчак айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына карата калган эркин калдыкты пайдалануу жөнүндө
Жаргылчак айыл өкмөтүнүн бюджетинде 2021-жылдын 1-январына калган эркин калдыкты пайдалануу жөнүндөгү маселени карап чыгып, Жаргылчак айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаргылчак айыл өкмөтүнүн бюджетинде 2021-жылдын 1-январына калган 1162276 сом 02 тыйын, атайын каражаттар боюнча аппарат 84660 сом, өлчөмүндө эркин калдык айыл кеңешинин депутаттарынын берген сметаларынын негизинде бюджетке кийирүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы финансы жана бюджет боюнча комиссияга тапшырылсын.
3. Токтом 2021-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирсин.
Төрага | К.А. Мокеев |