Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-февралы №140/XX-27
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүн бош калдык каражаттын эсебинен көбөйтүү жөнүндө
Каржы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Д.О. Эгемкулованын «Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүн бош калдык каражаттын эсебинен көбөйтүү жөнүндөгү» жалпы суммасы 1000035,0 (Бир миллион отуз беш миң) сом болуп, анын ичинен турмуш-тиричилик жана коммуналдык чарбага, 2221-берене – көчөдөгү ички жолдорду грейдирлөө жана гравирлөө: 8000,0 сом (Сегиз миң) сом, Билим берүү бөлүмүнө, 3112-берене – компьютердик жабдыктарды 235,0 миң сом суммасында сатып алууга Кочкорбаев айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бюджетинин чыгаша бөлүгү турмуш-тиричилик жана коммуналдык чарба бөлүмүнө, 2221-берене – көчөдөгү ички жолдорду грейдирлөө жана гравирлөө: 8000,0 сом (Сегиз миң) сом, Билим берүү бөлүмүнө, 3112-берене – компьютердик жабдыктарды 235,0 миң сом суммасында сатып алууга бош калдык каражаттын эсебинен көбөйтүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Албекенов |