Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-февралы №145/XX-27
Жер үлүшүн бир контурдан экинчи контурга которуу жөнүндө
Жер жана агрардык суроолор боюнча туруктуу комиссиянын 14.02.2020-ж. Пиндюрин Максим Николаевичке тиешелүү 0.52 га жер үлүшүн (сугат жерди) 10-контурдан 823-контурга которуу жөнүндөгү №1 токтомун угуп жана Пиндюрин Максим Николаевичтин жер үлүшү, системалык каттоо боюнча, 10-контурга катталып, бирок иш жүзүндө 823-контурда жайгашканы такталган себепке байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 3,4-пункттарына ылайык Кочкорбаев айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Будёновка айылынын Панфилов көчөсү № _ үйүнүн тургуну Пиндюрин Максим Николаевичке тиешелүү 0.52 га жер үлүшү (сугат жер) 10-контурдан 823-контурга которулсун.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер жана агрардык суроолор боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | А. Албекенов |