Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-февралы №146/XX-27
Жер тилкелерин муниципалдык менчикке бекитүү жөнүндө
Жер жана агрардык суроолор боюнча туруктуу комиссиянын 14.02.2020-жылдагы №2 жер тилкелерин Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине бекитүүгө макулдук берүү жөнүндөгү токтомун угуп, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесине ылайык Кочкорбаев айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпы аянты жана жайгашуусу төмөнкүдөй болгон жер тилкелерин Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине бекитүүгө макулдук берилсин:
- Кенеш айылы, Ленин көчөсү н/ж – аянты 232,0 м2 болгон жер тилкеси фельдшердик пунктка (ФАП);
- Кенеш айылы, аянты 1,1 га болгон суу чыгаруучу мунара, контур 534;
- Буденовка айылы, аянты 0,4га болгон суу чыгаруучу мунара, контур 839;
- Буденовка айылы, аянты 0,3га болгон суу чыгаруучу мунара, контур 840;
- Буденовка айылы, аянты 0,3га болгон суу чыгаруучу мунара, контур 807;
- Д. Курманалиев айылы, аянты 0,09га суу чыгаруучу мунара, контур 946;
- Д. Курманалиев айылы, аянты 0,3га суу чыгаруучу мунара, контур 962;
2. Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынан жогоруда аталган жер тилкелерин мыйзамда каралган талапка ылайык муниципалдык менчикке бекитип берүүсүн сурануу.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Керимкулов Эркинбек Казбековичке жүктөлсүн.
Төрага | А. Албекенов |