Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-февралы №148/XX-27
Кочкорбаев айыл аймагынын 2020-жылга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү планы жана Кочкорбаев айыл аймагынын 2020-жылга карата инвестицияны тартуу планын бекитүү жөнүндө
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Керимкуловдун сунуштаган “Кочкорбаев айыл аймагынын 2020-жылга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү планын бекитүү” жана “Кочкорбаев айыл аймагынын 2020-жылга карата инвестицияны тартуу планын бекитүү” жөнүндө сунушун карап жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кочкорбаев айыл аймагынын 2020-жылга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү планы жана “Кочкорбаев айыл аймагынын 2020-жылга карата инвестицияны тартуу планы” бекитилсин.
2. Бул пландын аткарылышы Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Керимкулов Эркинбек Казбековичке жүктөлсүн.
3. Кочкорбаев айыл аймагынын 2020-жылга карата инвестицияны тартуу планы аткаруу башкы адис Ч. Бейшекеевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы башчысы В. Н. Гарбузнякка жүктөлсүн.
Төрага | А. Албекенов |