Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 6-июлу № 177-27
Күндүзгү стационарлар жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевдин жана Аламүдүн айылынын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысы Г.К Алиеванын айыл аймагында күндүзгү стационарларды ачуу жөнүндө катын карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесинин 22-пунктунун жана Аламүдүн оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун 2020-жылдын 6-июлундагы № 189 санитардык көрсөтмөсүнүн негизинде, ошондой эле өзгөчө эпидемиологиялык кырдаалдын түзүлгөндүгүнө жана Аламүдүн айыл аймагынын тургундарынын арасында COVID-19 коронавирустук инфекция менен ооругандардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу, “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл өкмөтүнө коронавирустук инфекция менен ооруканага жатууну талап кылбаган өпкөнүн сезгениши (пневмония) менен жабыркаган айыл аймагынын тургундарына токтоосуз медициналык жардам көрсөтүү жана адам өлүмүнө жол бербөө боюнча күндүзгү стационарларды ачууга уруксат берилсин.
2. Аламүдүн айыл аймагынын тургундары үчүн 60 койка, мында Аламүдүн айылында – 50 койка, Садовое айылында – 10 койка эсебинде күндүзгү стационарлдарды ачуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 1,0 (Бир) млн. сом өлчөмүндө акчалай каражат бөлүп берүүгө уруксат берилсин. Сметасы тиркелет.
3. Аламүдүн айылы Алма-Ата көчөсү № 350 дареги боюнча жайгашкан “Чекиш-Ата” базарынын аймагындагы “Чекиш-Ата” кафесинин имаратын ижаралоого уруксат берилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко
|
Аламүдүн жана Садовое айылдарында күндүзгү стационардын ачылышына жана иштесүүнө кеткен каражаттардын сметасы
№ | Аталышы | Суммасы |
1 | Кислороддук консентротор 5 л. | 250000 |
22 | ЖКК жана башка керектүү буюмдар | 373000 |
33 | Керебеттер, матрастар | 210000 |
44 | Медициналык штативтер жана ширмалар | 167000 |
Баардыгы: | 1000000 | |