Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 6-июлу № 178-27
Аламүдүн айыл аймагында чектөөчү/карантиндик чараларды киргизүүнүн жана ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Аламүдүн айыл аймагында чектөөчү/карантиндик чараларды киргизүүнүн жана ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жобонун долбоорун карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесинин негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл аймагында чектөөчү/карантиндик чараларды киргизүүнүн жана ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Ушул жобо тиркемеси менен Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg сайтына жарыялынсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |