Загрузка документа…
Аламүдүн айылдык кеңешинин
2020-жылдын 06-июлундагы
№ 180-27 токтому менен бекитилген
Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын санариптештирүү жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1.1. Ушул жобо Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын санариптештирүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын функцияларын, ошондой эле санариптештирүүнү ишке ашырууда укуктук жана уюштуруучулук маселелердин тартибин аныктайт.
1.2. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына;
2. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине;
3. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
4. “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
5. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставына.
1.3. Ушул Жободо төмөнкү негизги түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
санариптештирүү – уюмдун маалыматтык технологияларга негизделген башкаруу процесстеринин жаңы моделдерине өтүү процесси;
маалымат- берүү формасына карабастан маалыматтар (билдирүүлөр, кабарлоолор);
маалыматтык технологиялар - маалыматтарды издөөнүн, жыйноонун, сактоонун, колдонуунун, берүүнүн, таратуунун процесстери, ыкмалары;
маалыматтык тутум - маалыматтар базаларында камтылган маалыматтын жана аны иштөөнү камсыз кылуучу технологиялардын жана техникалык каражаттардын жыйындысы;
электрондук башкаруу - мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын, уюмдардын жана жарандардын электрондук формадагы электрондук документтерди жана башка маалыматтарды пайдалануу менен юридикалык маанилүү чечимдерди кабыл алуу жана юридикалык маанилүү аракеттерди көрүү боюнча иши.
II. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын максаттары жана милдеттери
2.1. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын санариптештирүүнү жүзөгө ашыруу боюнча иши төмөнкү максаттарга жетүүгө багытталган:
- Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына электрондук башкарууну киргизүүгө;
- жеке жана юридикалык жактардын Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органыны менен маалыматтык технологияларга негизделген натыйжалуу жана туруктуу өз ара аракетинин тутумун түзүүгө;
- Аламүдүн айыл аймагынын маалыматтык коомду калыптандыруунун техникалык жана технологиялык негиздерин өнүктүрүүгө.
2.2. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы коюлган максаттарга жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди аткарат:
- Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын маалыматтык инфратүзүмүн модернизациялоо;
- жарандар заманбап маалыматтык жана телекоммуникациялык технологияларды пайдалануу менен сапаттуу муниципалдык кызматтарды тоскоолдуксуз жана өз убагында алышы үчүн электрондук сервистерди жана порталдарды өнүктүрүү;
- электрондук иш кагаздарын айлантуу жана иш кагаздарын жүргүзүү тутумун өнүктүрүү;
- муниципалдык маалыматтык тутумдарды (транспорттун логистикасы жана мониторинги, КТТКны ташып кетүү, социалдык коргоо тутуму, бюджеттик процесс, муниципалдык мүлк, саламаттык сактоо, билим берүү, иш менен камсыз кылуу ж.б.) киргизүү жана өнүктүрүү;
- Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын толук кандуу айкындуулугун камсыз кылуу;
- Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу;
- Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасында коррупциялык факторлорду четтетүү;
- Аламүдүн айыл аймагында “Акылдуу шаар” долбоорунун элементтерин ишке ашыруу.
III. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын функциялары
3.1. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн функциялары:
саясат жана жөнгө салуу функциялары
- Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын санариптештирүү боюнча программаларынын долбоорлорун иштеп чыгат;
- Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын санариптештирүү боюнча бирдиктүү саясатын иштеп чыгат;
- санариптештирүү боюнча чыгымдарды кошуу менен жергиликтүү бюджеттин долбоорун иштеп чыгат;
- Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка санариптештирүү боюнча методикалык документтерди иштеп чыгат жана айылдык кеңештин кароосуна сунуштайт;
- Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптарын иштеп чыгат;
- муниципалдык маалыматтык системаларды түзүү, өнүктүрүү, иштетүү, тартибине карата талаптарды, ошондой эле алардын маалыматтар базаларында камтылган маалыматтарды коргоо боюнча талаптарды иштеп чыгат;
- порталга маалыматты жайгаштыруу, актуалдаштыруу жана алуу эрежелерин кошуп алганда, муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча электрондук сервистерди жана порталдарды пайдалануу эрежелерин иштеп чыгат.
аткаруу жана колдоо функциялары
- Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын санариптештирүү боюнча мамлекеттик жана муниципалдык программаларын, санариптештирүү боюнча ченемдик жана методикалык документтерди аткарууну камсыз кылат;
- Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында электрондук башкарууга өтүүнү камсыз кылат;
- муниципалдык кызмат көрсөтүү боюнча электрондук сервистердин жана порталдардын тутумун түзөт жана башкарат;
- электрондук иш кагаздарын айлантуу жана иш кагаздарын жүргүзүү тутумун түзөт жана башкарат;
- Аламүдүн айыл аймагында “Акылдуу шаар” долбоорунун элементтерин түзөт жана ишке ашырат;
- муниципалдык маалыматтык тутумду түзөт жана башкарат.
контроль жана көзөмөл функциясы
- Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын санариптештирүү боюнча мамлекеттик жана муниципалдык программалардын аткарылышын контролдоону ишке ашырат;
- санариптештирүүнү ишке ашырууга бөлүнгөн финансы каражаттарынын рационалдуу, натыйжалуу жана максаттуу пайдаланууга контроль жүргүзөт;
- санариптештирүү боюнча белгиленген эрежелерди жана ченемдерди сактоого контроль жүргүзөт.
3.2. Аламүдүн айылдык кеңешини функциясы
саясат жана жөнгө салуу функциялары
- Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын санариптештирүү боюнча муниципалдык программалардын долбоорлорун бекитет;
- санариптештирүү боюнча чыгымдарды кошуу менен жергиликтүү бюджеттин долбоорун бекитет;
- Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын санариптештирүү боюнча бирдиктүү саясатын бекитет;
- Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка санариптештирүү боюнча методикалык документтерди бекитет;
- муниципалдык маалыматтык системаларды түзүү, өнүктүрүү, иштетүү, тартибине карата талаптарды, ошондой эле алардын маалыматтар базаларында камтылган маалыматтарды коргоо боюнча талаптарды бекитет;
- порталга маалыматты жайгаштыруу, актуалдаштыруу жана алуу эрежелерин кошуп алганда, муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча электрондук сервистерди жана порталдарды пайдалануу эрежелерин бекитет;
- Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын маалыматтык коопсуздугу боюнча талаптарын бекитет.
контроль жана көзөмөл функциясы
- айыл өкмөтүнө жүктөлгөн Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын санариптештирүү боюнча функцияларды аткаруу боюнча ишине контроль жүргүзөт.
IV. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүсү
4.1. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы санариптештирүүнү ишке ашыруунун алкагында төмөнкү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашырат:
- Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясы;
- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети.
4.2. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын санариптештирүү боюнча коюлган милдеттерди аткаруу үчүн коомдук уюмдар жана бирикмелер, башка коммерциялык эмес жана коммерциялык уюмдар менен активдүү өз ара аракеттенишет.
V. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын санариптештирүүнү каржылоо
5.1. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын санариптештирүүнү каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен ишке ашырылат:
а) Аламүдүн айыл аймагынын бюджеттик каражаттарынын;
б) юридикалык жана жеке жактардын кайтарымсыз берилген каражаттарынын;
в) гранттардын;
г) муниципалдык мекемелер жана ишканалар көрсөткөн кызматтардан жана иштерден түшкөн кирешелердин;
д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка булактардын.
VI. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жоопкерчилиги
6.1. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, анын кызмат адамдары ушул Жободо каралган санариптештирүүнү ишке ашыруудагы милдеттерди жана функцияларды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти алып жүрөт.