Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Күнтуу айылдык Кенешинин IX чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2020-жылдын 15-майы № 4/1
Күнтуу айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигиндеги Шалта К-489 скважинасына кошумча скважинасына бургалоо жана Кунтуу айылындагы муниципиалдык менчиктеги ички жолдорду оңдоп түзөөдөн өткөрүү боюнча
Күнтуу айылдык Кеңешинин кезексиз IV сессиясы Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Сейдалиев Адылет Айтбековичтин “Таза Күнтуу”-муниципалдык ишканасынын мүдүрү Шилов Валерий Михайловичтин жана Күнтуу айылдык Кеңештин депутаттары Козубеков Марат Сатыгуловичтин, Ахматалиев Автандил Тологоновичтин кайрылуусун угуп жана талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айылындагы АРИС программасынын алкагында «Ала-Тоо булагы»-долбоорундагы Күнтуу айылы боюнча, жашоочулардын өсүүсүн эске алып, таза суунун көлөмүн көбөйтүү максатында, долбоордон Күнтуу айылына бөлүнгөн акча каражаттын эсебинен, Шалта К-498 муниципиалдык менчиктеги скважинанын жанына дагы бир кошумча скважина бургаланып курулсун;
2. Күнтуу айылындагы таза сууну реабилитациядан өткөргөн учурда, жолдордун абалы оңдоп түзөөгө муктаж абалга келгендигине байланыштуу, бул долбоор боюнча Күнтуу айылына бөлүнгөн кошумча каражаттын эсебинен жолдорду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлсүн;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сейдалиевге жүктөлсүн;
4. Бул токтом WWW.Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | У. Астаркулов |