Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-апрели №19.2
Капчыгай айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2020-жылга түзүлгөн милдеттери жөнүндө
Капчыгай айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин төрагасы Н.Эстебесовдун маалыматын угуп жана талкуулап Капчыгай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2020 -жылга Капчыгай айыл өкмөтүндөгү Жайыт комитетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү 80.000 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Капчыгай айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетине караштуу мал башына жайыт акы өлчөмү төмөндөгүдөй белгиленсин:
Бодо малга – 40 сом
Жандык малга – 10 сом менен,
ал эми башка айыл өкмөттөрдөн келген
бодо малга - 100 сом
жандык малга -30 сом
3. Жайытты убактылуу пайдаланууга жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүү жагы Жайыт комитетинин төрагасы Н.Эстебесовго жүктөлсүн.
4. Жайыт комитетине жана ар бир айылдын айыл башчыларына (Кара-Таш Сары-Бээ, Терек-Суу жана Ничке-Суу) төмөнкүлөр милдеттендирилсин:
-сырттан келген малдын башын тактап жана алардан салык өндүрүү;
-жайыттарды туура бөлүштүрүү;
-өз убагында элдерди жайлоого көчүрүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
-жайлоого кеткиче малдын башын тактап эсепке алуу;
5. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Капчыгай айылдык Кенешинин агрардык,азык-түлүк,жер жана жер ресрустары,жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына ( К.Кебеков) жүктөлсүн.
Төрага | П.Сайдилканова |