Редакцияот 16.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Капчыгай айылдык Кеңешинин (VI–шайланган) кезексиз жыйырма биринчи сессиясы

 

2020-жылдын 16-июну № 21.1

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология боюнча агенттигине автоматташтырылган метеорологиялык станциясын (АМС) орнотууга 100 ч.м. жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “жер” Мыйзамдарынын 13,25-беренелерине негиз,ь Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология боюнча агенттигинин 2020-жылдын 10-июнундагы №03/885 сандуу кайрылуу катын карап,Капчыгай айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылында жайгашкан муниципалдык менчикте катталган 5030210020231 коддогу 100 жер аянтынан Автоматташтырылган Метеорологиялык Станциясын (АМС) орнотууга 100 ч.м.жер аянты мөөнөтсүз пайдаланууга ажыратылып берилсин.

2. ”Кадастр” мамлекеттик ишканасынан Кара-Кулжа райондук филиалынан жана Кара-Кулжа райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан тиешелүү иш кагаздарын жана схематикалык пландарын түзүп берүү жагы суралсын.

3. Токтомдун аткарылышы Капчыгай айыл өкмөтүнүн башчысы М.Сатыбалдыевге жана Капчыгай айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай боюнча жетектөөчү адиси Э.Касымалиевге сунушталсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Капчыгай айылдык Кенешинин Капчыгай айылдык Кенешинин агрардык,азык-түлүк,жер жана жер ресрустары,жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына ( К.Кебеков) жүктөлсүн.

 

Төрага

П.Сайдилканова