Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-апрели №110
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бакмал айылындагы жер аянтына Таза суу ишканасына база жана суу кампасын куруу жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бакмал айылындагы №587-контурундагы 3,0 га кайрак айдоо жер аянтына Таза суу ишканасына база жана суу кампасын куруу максатында 2017-жылдын 14-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган Мыйзамдын 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-3-п. негизинде Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бакмал айылындагы №587-контурундагы жер аянтына Таза суу ишканасына база курууга 2,0 га жана суу кампасын курууга 1,0 га, жалпысынан 3,0 га кайрак айдоо жер аянты бекитилсин.
2. Жер аянтынын керектүү иш кагаздарын мыйзам негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгына сунуш кылынсын.
3. Ажыратылган жер аянтына шаар түйүнүнүн планын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармалыгына сунуш кылынсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П.А.Эсеналиев |