Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9-августу №111
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бекитилген бюджетине кошумча өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июну №78 мыйзамынын “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” 17-беренесине ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январына карата 2018-жылдын бюджетине каралган чыгаша бөлүгүн сарамжалдуу пайдалангандыктан жана белгиленген тапшырмадан киреше бөлүгүн ашыкча аткарылгандыгынын натыйжасында бош (свабодный остаток) 4863,8 (Төрт миллион сегиз жүз алтымыш үч миң сегиз жүз) сом акча каражатынан пайдалануу максатында, Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Өзгөрүш айылындагы таза суу менен камсыз кылуучу суу сактагычтын (резервуар) насосу бүт бойдон күйүп жараксыз абалга келгендиктен, айыл өкмөтү тарабынан көмөк көрсөтүү үчүн 2018-жылдан (свабодный остаток) калган калдыктын эсебинен айыл чарба бөлүмүнүн 3112 беренесине 272,7 миң сом каралып, аткарууга алынсын.
2. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө Арис тарабынан 3682,0 миң сомдук фронталдык погрузчик сатып алынып, анын ичинен 1735,0 миң сом акча каражаты Арис тарабынан каржыланып, ал эми 1947,0 миң сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн 2018-жылдан (свабодный остаток) калган калдыктын эсебинен айыл чарба бөлүмүнүн 3112 беренесине 1947,0 миң сом каралып, аткарууга алынсын.
3. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн АВП ишканасына Ага-Хан фонду тарабынан Бабур каналын тазалап, элге агын суу жеткирүү максатында жалпы сметалык көлөмү 1256,6 мин.сомду түзгөн. Анын ичинен Мырза-Аке айыл өкмөтү тарабынан 125,0 мин.сом, Агахан фонду тарабынан 1002,8 мин.сом, ал эми айыл өкмөткө 125,9 мин.сом каржылоо жагы жүктөлгөн. Ошол себептен жогорудагы айыл өкмөтүнө келген каражатты кармап калуу үчүн айыл өкмөтүнүн айыл чарба бөлүмүнүн 2215 беренесине 125,9 сом бош (свабодный остаток) калган калдыктын эсебинен каралып, айыл өкмөтүнө караштуу АВП ишканасынын эсеп счетуна 125,9 мин.сомду которуп берүү жагы аткарууга алынсын.
4. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн конторасынын жыйындар залын жеөил конструкцияда экинчи кабатын куруу боюнча ПСД жана башка тиешелүү документтери бүтүп, өзгөрүүлөр болгон. Башкача айтканда жыл башында аталган имратты курулуш жумуштарын жүргүзүү үчүн 3000,0 миө.сом каралган. Азыркы кезде жалпысы болуп 5926,4 сомду талап кылууда. Ошол себептен аппарат бөлүмүнүн 3112 беренесиндеги 295,1 мин.сом жана 3113 беренесиндеги 200,0 мин.сом акча каражаттары 3111 беренесине которулсун. Ал эми 2018-жылдан (свабодный остаток) калган калдыктын эсебинен аппарат бөлүмүнүн 3111 беренесине 1781,9 миң сом каралып, аткарууга алынсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П.А.Эсеналиев |