Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9-августу №112
Дөң-Булак айылдык депутаттар Кеңешинин Өзгөрүш айылындагы «Өзгөрүш-Таза-Суу» ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин 2019-жылга сметалык тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 2212-«коммуналдык кызматтар жана байланыш кызматтар» беренесине ылайык 31.01.2019-жылдагы жалпы элдик жыйынында жактырылгандыгын кезексиз сессияда карап жана талкуулап, Дөң-Булак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Өзгөрүш айылындагы «Өзгөрүш-Таза-Суу» ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелердин киреше жана чыгашалары бекитилсин.
2. «Өзгөрүш-Таза-Суу» ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмеси (ИСКАКБ) калкты ичүүчү суу камсыздоодо 1м3 суунун баасы 10 сом 72 тыйын бекитилсин.
3. Өзгөрүш айылынын жашоочуларына: көчөдөн пайдалаган 1-жанга, 1-айга 11 сом 26 тыйын, короосунан пайдалангандар 1-жанга 1-айга 19 сом 30 тыйын, бюджетик мекеме-уюмдар пайдаланган 1м3 суунун баасы 14 сом 47 тыйын, Коммерциялык мекемелер пайдаланган 1м3 суунун баасы 25 сом 35 тыйын, Суу түтүгүн короосуна киргизүүгө уруксат берүүү жана кызмат көрсөтүү боюнча: калкка-2715 сом 06 тыйын, бюджеттик мекеме-уюмдарга-2985 сом 46 тыйын, Коммерциялык мекемелерге-3245 сом 34тыйын өлчөмүндө бекитилсин.
4. Уруксатсыз суу түтүгүн киргизгенге, суу системаларын бузгандарга, огород сугаргандарга Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 72, 73, 74, 75-беренелерине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан айып пул салынат.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П.А.Эсеналиев |