Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-октябры №113
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Карадарыя айылындагы Өзгөн Балык чарбасына берилген 5,15 га айыл чарба багытындагы жер аянтын Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн балансына кайтарып алуу жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Карадарыя айылындагы Өзгөн Балык чарбасына берилген 5,15 га айыл чарба багытындагы жер аянтын айыл өкмөтүнүн балансына кайтарып алуу жөнүндөгү Дөң-Булак айылдык кеңешинин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 8-октябрындагы протоколунун негизинде Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Карадарыя айылындагы Өзгөн Балык чарбасына берилген 5,15 га айыл чарба багытындагы жер аянты Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн балансына кайтарып алынсын.
2. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Ф.Матосмоновко жер аянтын айыл өкмөтүнө кайтарып алуу боюнча иш кагаздарын даярдоо жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | П.А.Эсеналиев |