Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-октябры №114
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай, Бөксө-Жол, Бабаш уулу жана Төөлөс айылдарына ЕБРР банкы тарабынан ичүүчү таза суу системаларын реаблитациялоодо айыл өкмөтүнө берүүчү макулдук жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай, Бөксө-Жол, Бабаш уулу жана Төөлөс айылдарына ЕБРР банкы тарабынан ичүүчү таза суу системаларын реаблитациялоодо айыл өкмөтүнө макулдук берүү максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай, Бөксө-Жол, Бабаш уулу жана Төөлөс айылдарына Европа реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкы тарабынан каржылануучу проекттин кредиттик бөлүгүнө Куршаб, Дөң-Булак, Мырза-Аке айыл өкмөттөрү аралык түзүлгөн “Өзгөн районунун ичүүчү таза суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги” муниципалдык биргелешкен ишканага кепилдик кылууга жана таза суу проектисинин иш кагаздарын түзүүдө Дөө-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына макулдашууларга кол коюуга, Дөң-Булак айылдык кеңеши макулдук берет.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П.А.Эсеналиев |