Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-октябры №118
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бекитилген бюджетине кошумча өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө Арис тарабынан 3682,0 миң сомдук фронталдык погрузчик сатып алынып, анын ичинен 1735,0 миң сом акча каражаты Арис тарабынан каржыланып, ал эми 1947,0 миң сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн 2018-жылдан (свабодный остаток) калган калдыктын эсебинен айыл чарба бөлүмүнүн 3112 беренесине 1947,0 миң сом каралып, 2019-жылдын 3-сентябрь күнүн 1947,0 миң сомго №77 келишимдин негизинде келишим түзүлүп, 2019-жылдын 4-сентябрь күнү 1200,0 миң сом, 2019-жылдын 28-октябрь күнү 747,0 миң сом акча каражаты ЖЧК “Стройдормашсервис” ишканасына которулуп берилген. Тилеке каршы Арис менен жайыт комитетинин ортосунда түшүнбөстүктөр болгон. Тактап айтканда 3682,0 миң сомдун ичинен 1653,0 миң сом акча каражаты Арис тарабынан каржыланып, ал эми 2029,0 миң сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржылануусу такталган.
Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июну № 78 мыйзамынын “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” 17-беренесине ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата бекитилген бюджетинен үнөмдөлгөн акча каражаттарды керектүү беренелерге жумшоо максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл чарба бөлүмүнүн 311 беренесиндеги 2019-жылга карата бекитилген чыгашалардын конкурстан кийинки үнөмдөлүп калган каражаттарынын эсебинен 82,0 миң сом акча каражаты ЖЧК “Стройдормашсервис” ишканасына которулуп, аткарууга алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П.А.Эсеналиев |