Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-октябры №119
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Абад айылындагы Катар-Там участкасындагы жаңы көчөлөргө ат (ысым) ыйгаруу жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Абад айылындагы Катар-Там участкасынын тургундарынын көчөлөргө ат (ысым) ыйгаруу боюнча жалпы чогулушунун протоколунун негизинде, элдин көйгөй маселелерин жана социалдык муктаждыктарын чечип берүү максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Абад айылындагы Катар-Там участкасындагы жалпы көчө Кадирали Салиев атындагы көчө деп аталсын.
2. Ат же ысым ыйгарылган көчөгө даректүү маалыматтарды, жазууларды илүү жагы демөөрчүлөр менен Жаңы-Абад айылдык комитетинин башчысы Д.Маткаримовко милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | П.А.Эсеналиев |