Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-октябры №121
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Өзгөрүш айылындагы көчөлөрдүн аттарын (ысымдарын) өзгөртүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Өзгөрүш айылынын тургундарынын көчөлөрдүн аттарын (ысымдарын) өзгөртүү боюнча жалпы чогулушунун протоколун бекитип берүү жөнүндөгү арызын угуп жана талкуулап, элдин көйгөй маселелерин жана социалдык муктаждыктарын чечип берүү максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Өзгөрүш айылындагы Кыш Тепе көчөсү Анаров Жумаш көчөсү, Гулистан көчөсүнөн Жалилов Исатайлак көчөсү жана Хамитов Мамыт көчөсү, Элдостук көчөсүнөн Бармаков Ибир көчөсү, Молдобаев Камал көчөсү, Көчкөнбаев Мамадали көчөсү жана Раимжанов Тургунбай көчөсү, А.Тайлаков көчөсүнөн Ибайдуллаев Сайдахмат көчөсү деп аталсын.
2. Ат же ысым ыйгарылган көчөгө даректүү маалыматтарды, жазууларды илүү жагы демөөрчүлөр менен Өзгөрүш айылдык комитетинин башчысы А.Анаровко милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | П.А.Эсеналиев |