Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-октябры №122
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бекитилген бюджетине кошумча өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июну № 78 мыйзамынын “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” 17-беренесине ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата бекитилген бюджетинен үнөмдөлгөн акча каражаттарды керектүү беренелерге жумшоо максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн конторасына 2019-жылга карата каралган, акча каражатынан конкурс өткөндөн кийин үнөмдөлүп калаган калдыгын, айыл өкмөтүнүн Өзгөрүш айылына 6 даана, Төөлөс айылына 17 даана, Чымбай айылына 20 даана жана Дөң-Булак айылына 11 даана электр мамычаларын алууга 378,0 миң сом акча каражаты жумшалып, аппарат бөлүмүнүн 3111 беренесинен мамлекеттик сатып алуулар порталынан конкурска берилип, аткарууга алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П.А.Эсеналиев |