Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-октябры №123
Дөн-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чымбай айылынын тургуну Осмонов Жамшитбекке жана Дөң-Булак айылынын тургуну Абдрасулова Ырысгулгө материалдык жардам берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негиздери жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чымбай айылынын тургуну 1970-жылы туулган Осмонов Жамшитбек учурда 1-топтогу майып, боору иштен чыгып, Индия мамлекетине барып боорун алмаштырып келген. Дарыланганга каражаты жетпей жаткандыктан жардам сурап жазган арызын жана Дөң-Булак айылынын тургуну Абдрасулова Ырысгулгө 2010-жылы туулган, эки буту баспай, шал оорусу менен ооругандыктан Стамбул шаарына барып операция жасатып келүү үчүн жардам сурап жазган арызын канааттандыруу максатында Дөн-Булак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөн-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чымбай айылынын тургуну Осмонов Жамшитбеке жана Дөң-Булак айылынын тургуну Абдрасулова Ырысгулгө айыл өкмөтүнүн социалдык бөлүмүнүн элге жеңилдик эсебинен ар бирине 10,0 (он миң) сомдон, жалпы 20,0 (жыйырма миң) сом акча каражатын бөлүп берүү жагы сунушталсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П.А.Эсеналиев |