Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-октябры №125
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Паизабад айылындагы жаңы көчөлөргө ат (ысым) ыйгаруу жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Паизабад айылынын тургундарынын көчөлөргө ат (ысым) ыйгаруу боюнча жалпы чогулушунун протоколунун негизинде Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Паизабад айылындагы жаңы 5 (беш)- көчө Укуева Майрамкан атындагы көчө деп аталсын.
2. Ат же ысым ыйгарылган көчөгө даректүү маалыматтарды, жазууларды илүү жагы демөөрчүлөр менен Дөң-Булак айылдык комитетинин башчысы Эргеш уулу Тилеке милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | П.А.Эсеналиев |