Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-октябры №127
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Карадарыя айылындагы жаңы көчөлөргө ат (ысым) ыйгаруу жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Карадарыя айылынын тургундарынын көчөлөргө ат (ысым) ыйгаруу боюнча жалпы чогулушунун протоколунун негизинде Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Карадарыя айылындагы жаңы көчөлөр Темирзаков Абдилат көчөсү, Казакалиев Карабай көчөсү, Мырзакаримов Маматурду көчөсү, Мамадалиев Турдубай көчөсү деп аталсын.
2. Ат же ысым ыйгарылган көчөгө даректүү маалыматтарды, жазууларды илүү жагы демөөрчүлөр менен Карадарыя айылынын башчысы Б.Орозматовко милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | П.А.Эсеналиев |