Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-октябры №128
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Карадарыя айылындагы жаңы көчөлөргө ат (ысым) ыйгаруу жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Карадарыя айылынын тургундарынын көчөлөргө ат (ысым) ыйгаруу боюнча жалпы чогулушунун протоколунун негизинде Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Карадарыя айылындагы жаңы көчөлөр Болбуров Өзгөнбай көчөсү, Достук көчөсү, Ыйман көчөсү, ал эми борбордук көчө Ынтымак көчөсү деп аталсын.
2. Ат же ысым ыйгарылган көчөгө даректүү маалыматтарды, жазууларды илүү жагы демөөрчүлөр менен Карадарыя айылынын башчысы Б.Орозматовко милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | П.А.Эсеналиев |