Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-октябры №129
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылындагы жаңы көчөлөргө ат (ысым) ыйгаруу жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылынын тургундарынын көчөлөргө ат (ысым) ыйгаруу боюнча жалпы чогулушунун протоколунун негизинде Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылындагы 2- көчө Мамашов Каримбай атындагы көчө деп аталсын.
2. Ат же ысым ыйгарылган көчөгө даректүү маалыматтарды, жазууларды илүү жагы демөөрчүлөр менен Чымбай айылдык комитетинин башчысы Р.Эрмекбаевке милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | П.А.Эсеналиев |