Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-декабры №131
Дөн-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Дөң-Булак айылынын тургуну Насирова Гулхумарга материалдык жардам берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негиздери жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Дөң-Булак айылынын тургуну Насирова Гулхумарга эки бөйрөгү начар иштеп, ооругандыктан Туркия Республикасына барып бөйрөктөрүн алмаштырып келүү үчүн жардам сурап жазган арызын канааттандыруу максатында Дөн-Булак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөн-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Дөң-Булак айылынын тургуну Насирова Гулхумарга айыл өкмөтүнүн социалдык бөлүмүнүн элге жеңилдик эсебинен ар бирине 10,0 (он миң) сом акча каражатын бөлүп берүү жагы сунушталсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П.А.Эсеналиев |