Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-декабры №132
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-Абад айылына имаарат (контора) куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын кароо жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-Абад айылына имарат (контора) куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү максатында, Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июну № 78 мыйзамынын “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” 17-беренесине ылайык, Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жаны-Абад айылына имарат (контора) куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 1500,0 миң сом акча каражаты каралып, аткарууга алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П.А.Эсеналиев |