Редакцияот 21.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Дөң-Булак айылдык Кеңешинин VI-шайланган депутаттарынын кезектеги XXXI- сессиясы

 

2019-жылдын 21-декабры №133

Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Дөң-Булак-2 айылынын борбордук көчөсүнө асфальт төшөө үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын кароо жөнүндө

Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Дөң-Булак-2 айылынын борбордук көчөсүнө асфальт төшөө үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү максатында, Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июну № 78 мыйзамынын “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” 17-беренесине ылайык, Дөң-Булак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Дөң-Булак-2 айылынын борбордук көчөсүнө асфальт төшөө үчүн жергиликтүү бюджеттен 1800,0 миң сом акча каражаты каралып, аткарууга алынсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

П.А.Эсеналиев