Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-декабры №134
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында таштандыларды чыгаруу салыгынын тарифин көбөйтүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында таштандылар көбөйүп кеткендиктен, тазалыкты сактоо үчүн “Тазалык” муниципалдык ишканасы уюштурулуп жаткандыгына байланыштуу, ишкананын базасын чыңдоо максатында таштандыларды чыгаруу салыгынын тарифин көтөрүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Дөң-Булак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында таштандыларды чыгаруу салыгынын өлчөмүн ар бир түтүнгө бир айына 50 сомдон, бир жылына 600 сомдон төлөө жагы бекитилсин.
2. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн салыкчыларына бекитилген тарифтин негизинде таштандыларды чыгаруу салыгын өндүрүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П.А.Эсеналиев |