Загрузка документа…
2020-жылдын 18-февралы № 35-8
Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Каранай айылындагы “Таң Нуру” мектепке чейинки билим берүү мекемесине 3-тайпа ачуу жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Каранай айылындагы “Таң Нуру” мектепке чейинки билим берүү мекемесине 3-тайпа ачууга бакчанын жетекчиси Кожоева Наргизанын сураныч катын карап чыгып ,Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук,билим берүү,саламаттыкты сактоо жана ишмердуулук боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Каранай айылындагы «Таңы Нуру» мектепке чейинки билим берүү мекемесине 3-тайпа ачууга уруксат берилсин.
2. Кошумча ачылган тайпага 2 тарбиячы жана 1 жардамчы-тарбиячы штат алуу жана алардын эмгек акысынын төлөө жагы Ноокат райондук билим берүү мекемесинин жетекчиси А.Асанбаевге жүктөлсүн.
3. Балдардын тамак-ашы үчүн 340 (үч жүз кырк) сом взносу ата-энелерден суроо жагы «Таң Нуру» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жетекчиси Н.Кожоевага милдеттендирилсин.
4. Кошумча ачылган тайпага керектелүүчү тамак аш,көмүр менен камсыз кылуу жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С.Миңбаевге тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин, мыйзамдуулук,билим берүү,саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Миңбаевге жүктөлсүн.
Көк-Жар айылдык кеңештин төрагасы: Н.Туманов.