Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019- жылдын 26-декабры № 258
Мырза-Аке айылынын тургуну Ажимаматов Элдиярдын жеке менчик турак жайынын багытын элге кызмат көрсөтүү багытына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жер” кодексинин 18-статьясын жетекчиликке алып, айыл ,жер,суу чарба ,өнөр жай курулуш, транспорт,байланыш энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айылынын тургуну Ажимаматов Элдиярдын жеке менчик турак-жайынын максаттык багытын , элге кызмат көрсөтүү багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш-кагаздарын даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин.
Төрага | А.Кимсанов |