Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019- жылдын 26-декабры № 259
Мырза-Аке айылынын тургуну Эргешов Калмаматка “ Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин VI (чакырылышынын ) депутаттарынын кезектеги сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени талкуулап ,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 36-беренесинин 2-пункттун жетекчиликке алып , социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн социалдык –экономикалык инфраструктурасын өнүктүрүүгө кошкон салымы ошондой эле коомдук иштерге активдүү катышып талыкпай эмгектенгендиги үчүн Эргешов Калмаматка Мырза-Аке айылдык Кеңешинин “ Ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Кимсанов |