Редакцияот 26.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги XXV сессиясы

 

2019-жылдын 26-декабры № 260       

Мырза-Аке айылынын тургуну Мырзаматова Мендайымга “ Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин VI (чакырылышынын ) депутаттарынын кезектеги сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени талкуулап ,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 36-беренесинин 2-пункттун жетекчиликке алып , социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн социалдык –экономикалык инфраструктурасын өнүктүрүүгө кошкон салымы ошондой эле коомдук иштерге активдүү катышып талыкпай эмгектенгендиги үчүн Мырзаматова Мендайымга Мырза-Аке айылдык Кеңешинин “ Ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовго милдеттендирилсин.

 

Төрага

А.Кимсанов