Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019- жылдын 26-декабры № 263
Мырза-Аке айыл аймагындагы ички жолдорду асфальттоого көзөмөл жүргүзүүгө депутаттык комиссия курамын түзүү
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 18-статьясын жетекчиликке алып, айыл ,жер,суу чарба ,өнөр жай ,курулуш, транспорт,байланыш энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл аймагынын ички жолдорун асфальттоодо көзөмөл жүргүзүүгө төмөнкү курамда комиссия курамы бекитилсин
1. Эргешов Ж
2. Айтбаева А
3. Жусупов Т
4. Жумабай уулу Ж
5. Разаков Т
6. Батаев Д
7. Орозбаев О
2. Асфальтталуучу ички жолдордун проектисин түзүүнү , парамметрин аныктоону толук көзөмөлдөө туруктуу комиссияга тапшырылсын.
3. Асфальтталуучу ички жолдордун асфальтталышы , арыздын түшкөн мөөнөтү , катар номери аркылуу аныкталып , туруктуу комиссия тарабынан проектиге жөнөтүү тастыкталсын.
4. Жогорудагы комиссиянын чечимине ылайык , комиссия түзгөн тартипте көчөлөрдү асфальттоону жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Кимсанов |