Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры № 264
Мырза-Аке айыл аймагындагы эски клубдун имаратынын уч бөлмөсүндө өз ишин алып барган “Мурас кол өнөрчүлүк ишканасына” ал бөлмөлөрдү 5 жылга арендага берууну ишке ашыруу жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 18-статьясын жетекчиликке алып, айыл ,жер,суу чарба ,өнөр жай ,курулуш, транспорт,байланыш энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде катталган эски клубдун үч бөлмөсүндө “Мурас кол өнөрчүлүк ишканасы” өз ишмердигин алып барып жаткандыктан , ал бөлмөлөрдү 5 жылга арендага берүүнү алып баруу ишин аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
2. Имараттын ички ремонтун жасап, талапка ылайык сакталуусун камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Кимсанов |