МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги XXV сессиясы
2019-жылдын 26-декабры № 265
Мырза-Аке айылынын тургуну маркум Анарбек Аскаровдун ысымын өзу жашап өткөн көчөгө ыйгарууну сураган арыз жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги XIV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып , “социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча боюнча” туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Мырза-Аке айылынын тургуну маркум Аскаров Анарбектин ысымын өзү жашап өткөн көчөгө ыйгарууну сураган жамааттык арыздын негизинде жамаатка барып . жеринде жыйын өткөрүп , тактоо иштерин алып баруу “социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча боюнча” туруктуу комиссияга тапшырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Кимсанов |