Редакцияот 26.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги XXV сессиясы

 

2019-жылдын 26-декабры № 268

 “АБКЕ” жоопкерчилиги чектелген коомуна убактылуу пайдаланууга жер бөлүүгө макулдук жөнүндө

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жер” кодексинин 4,7,9,10,13,25,31 статьясын жетекчиликке алып, айыл ,жер,суу чарба ,өнөр жай ,курулуш, транспорт,байланыш энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн Батыш – Дельдекетоо участкасындагы Кара-Дөбө көмүр казып алуучу жайынын 3,27 га ( үч бүтүн жүздөн жыйырма жети га) жерин – 2039-жылдын 27 августуна чейин , “ АБКЕ” ЖЧК сына убактылуу пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.

2. Мыйзам чегинде убактылуу пайдаланууга бериле турган жердин толук документтерин карап чыгып, тиешелүү башкармалыктардан мыйзам чегинде бүтүрүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Р.Курманкуловго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин.

 

Төрага

А.Кимсанов